Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту
RU

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы чыгарды.

Тет-а-тет форматындагы жолугушууда өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Россиянын Президенти Владимир Путин тараптар ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал былтыркы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүн белгилеп, Россия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда тураарын кошумчалады.

Владимир Путин ЖККУ саммитинин аянтында биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн багыттарын көзмө-көз талкуулоого мүмкүнчүлүк бар экенин канааттануу менен билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, дагы бир жолу Улуу Жеништин 77 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Садыр Жапаров Россия Федерациясы менен бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6715