Садыр Жапаров кызыгып караган Кремлдин залы кандай болду экен?
RU

Садыр Жапаров кызыгып караган Кремлдин залы кандай болду экен?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 16-майда, Жамааттык коопсуздук келишиминин уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын мааракелик жыйыны өттү. Салтанаттуу иш чара Келишимдин 30-жылдыгына карата уюштурулган.

Кремлдеги тегерек столго Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министир Никол Пашинян, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахман чогулушту.

Садыр Жапаровдун жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев жыйын өткөн жолугушуудан сүрөт жарыялаган. Сүрөттө залдын укмуш жасалгалаганын байкоого болот. Аны кызыгуу менен биздин эле президент эмес башкалар да карап жаткандыгынын себеби эми түшүнүктүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6716