Ташиевдин операциядан кийинки сүрөтү жарыяланды
RU

Ташиевдин операциядан кийинки сүрөтү жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жүрөгүнө операция жасалып, операциядан кийинки сүрөтү социалдык тармактарга жайгаштырылды. Сүрөттү биринчилерден болуп, өзүнүн Telegram-каналына президент Садыр Жапаров чыгарган.

"Жүрөгүнө операция жасалгандан кийин Ташиев өзүн жакшы сезип жатат", - деп сүрөттүн астына жазылган.

Эске салсак, 5-февралда, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө даарыланууга кетип жатканын билдирген. Анын айтымында чет өлкөгө барып операция жасатууну ага профессор Калдарбек Абдаманов сунуштаган.

2020-жылы декабрь айында, саясатчы бир нече жума жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканада жаткан. Ал аны менен бардыгы жакшы, бирок, жакында жүрөгүнө операция жасатуу керек, деп айткан.

Маалымат булактардын билдирүүсү боюнча Ташиевге Германияда операци жасалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/671