"Күтө алышпайт". Рак оорусуна чалдыккан балдардын ата-энелери мамлекеттен жардам сурашты
RU

"Күтө алышпайт". Рак оорусуна чалдыккан балдардын ата-энелери мамлекеттен жардам сурашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-майда рак оорусуна чалдыккан балдардын 20дан ашык ата-энелери митингге чыгышты. Алар өкмөт үйүн көздөй жөө жүрүш жасап, президенттен аларды кабыл алып, жардам берүүнү суранышты.

"Учурда канчалаган балдар ооруп жатат, баарына жардам керек. Бирок мамлекетте дарылануу үчүн элементардык системалар да жок. Баары күтө тургула деп жатышат, бирок балдар күтө албайт да", - деди ата-энелердин бири.

Митингчилердин айтымында, дарыланууга кеминде 50 миң доллар керектелет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6722