Ошто төрт эм төрөлдү. Ымыркайлардын сүрөтү
RU

Ошто төрт эм төрөлдү. Ымыркайлардын сүрөтү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сакто министрлиги билдирди.

Ведомство берген маалыматка ылайык, ымыркайлар Ош облусунда, 2-майда жарык дүйнөгө келишти. Апасы кесердик кесүү аркылуу көз жарды. Төрөт үйүнүн жетекчиси Талант Арстанкуловдун айтымында, операция ийгиликтүү өттү.

Балдардын салмагы:

  • эркек бала 1 195 г;
  • кыз бала 1 060 г;
  • эркек бала 1 100 г;
  • кыз бала 1 130 г.

Эне менен балдар дарыгерлердин көзөмөлүндо болушту. Учурда бардыгынын абалы канааттандыраарлык.

Ымыркайларды ата-энеси Мухаммадюсуп, Амина, Мухаммадиер жана Айша деп аташты.

Бактылуу ата-эне Замирахон менен Рустамдын төрт эмге чейин эки уулу бар болчу, алар мектептин баштапкы класстарында окушат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6726