Россиянын элчилигинин автоунаасы Бишкетин тургунун cүзүп кетти
RU

Россиянын элчилигинин автоунаасы Бишкетин тургунун cүзүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бүгүн дипломатиялык номери бар Toyota Land Cruiser айдоочу эркек кишини сүзүп кетти (мамлекеттик номуру D04002).

Жол кырсыгы 17-майда саат 15:20 чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде болгон.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгына катышкан автоунаа Россиянын Кыргызстандагы элчилигине таандык.

Жабыркаган адамды тез жардам кызматы ооруканага алып кетти.

Окуя болгон жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Булак: Koompress

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6728