Балдардын үстүнө шып урап түшкөндөн кийин Жапаров бардык мектептерди текшерүүнү тапшырды
RU

Балдардын үстүнө шып урап түшкөндөн кийин Жапаров бардык мектептерди текшерүүнү тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы No18 орто мектептин имаратынын шыбы урап түшкөнүнө байланыштуу жыйын өткөрдү. Маалым болгондой, министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуздугуна жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

Отурумдун жыйынтыгында Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратында болгон окуянын себептерин аныктоону, ошондой эле КР ӨКМнин мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин бардык имараттарын текшерүүнү тапшырды.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда мектептин шыбы балдардын үстүнө кулап түшкөн. Андан 18 окуучу жана бир мугалим жабыркап, Ала-Бука районунун ооруканасына жаткырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6731