Мектептин шыбы урап түшкөндө жабыркаган окуучулардын үчөөсү ооруканадан чыкты
RU

Мектептин шыбы урап түшкөндө жабыркаган окуучулардын үчөөсү ооруканадан чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мектептин шыбы урап түшкөндө жабыркаган окуучулардын үчөөсү ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык министрлиги кабарлады.

18-майга карата Ала-Бука районундагы ооруканада бир эле бейтап калды, ал мугалим. Окуучулардын бардыгы канаатандыраарлык абалда үйүнө чыгарылды.

Эске салсак, кечээ, 17-майда, Чаткал районундагы айылдардын биринде мектептин шыбы сабак учурунда окуучулардын үстүнө урап түшкөн. 18 бала жана бир мугалим жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул окуядан кийин Акылбек Жапаров республикадагы бардык мектептердин абалын текшерүүнү буюрду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6733