Путин Кыргызстанга келеби?
RU

Путин Кыргызстанга келеби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин май айында Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумуна катышат. Бирок ишчаранын форматы азырынча белгисиз. Бул тууралуу 17-майда россиялык лидердин катчысы Дмитрий Песков журналисттерге айткан.

РФтин башчысы форумга өзү барабы же онлайн катышабы деген журналисттин суроосуна Песков "Биз тигинсин да мунусун да четке какпайбыз, кандай форматта өтпөсүн катышат", - деп жооп берди.

Ошол эле учурда, Путиндин форумга катышуусунун деталдары кийинчерээк белгилүү боло турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык форуму 26-майда Бишкекте өтөт. Эртеси күнкүгө Жогорку Евразиялык экономикалык жыйын пландалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6734