Садыр Жапаров БАЭнин энергетика министри менен жолугушту
RU

Садыр Жапаров БАЭнин энергетика министри менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 17-майда, Абу-Даби шаарында экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Эмират өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазурэй менен жолугушту. Бул тууралуу президентти басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз-эмират кызматташтыгынын соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыгын активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

Аны менен катар, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бул багытта БАЭ тажрыйбасын колдонуу боюнча иш тобунун ишмердүүлүгүн активдештирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, меймандарга тийиштүү шарттарды түзүү менен БАЭден Кыргызстанга туристтерди тартуу боюнча маселелер талкууланды.

Аны менен бирге, алдыдагы жогорку деңгээлдеги визиттердин мазмундук бөлүгүн байытуу боюнча даярдык талкууланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6737