Жалал-Абадда бир жашар бала ручканын капкагына какап чарчап калды
RU

Жалал-Абадда бир жашар бала ручканын капкагына какап чарчап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда бир жашар бала калемсаптын капкагына какап чарчап калды. Бул тууралуу облустук ИИБ кызматы маалымдаган.

Берилген маалыматка ылайык, кечээ кечинде милицияга облустук ооруканадан билдирүү келип, ыкчам тергөө тобу жерине жөнөп кеткен.

"Кичинекей бала үйүндө ойноп отуруп, ручканын капкагын жутуп алып, какап чарчап калган", - деп ИИБден билдиришти.

Аталган факт кырсык катары катталды. "Баланын ата-энеси арыз жазуудан жана соттук медициналык экспертиза жасатуудан баш тартышты", - деп милициядан айтып беришти.

Эске салсак, ушундай эле окуя жылдын башында, Ошто болгон. Анда биринчи класстын окуучусу да ручканын капкагын жутуп алып, каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6739