Тажикстандын күч түзүмдөрү өлкөнүн чыгышында антитеррордук операция жүргүзүүдө
RU

Тажикстандын күч түзүмдөрү өлкөнүн чыгышында антитеррордук операция жүргүзүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын күч түзүмдөрү өлкөнүн чыгышында, Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунда антитеррордук операция жүргүзүүдө, деп РИА Новости Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз борборуна таянуу менен билдирди.

"Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан районундагы трассанын түз мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Дүйшөмбү-Кулма эл аралык унаа жолунун тилкесин мыйзамсыз жаап салышкан",- деп Ички иштер министрлиги билдирди.

"Ушуга байланыштуу жарандардын коопсуздугун, коомдук тартипти камсыз кылуу жана эл аралык Дүйшөмбү-Кулма унаа жолунун жээгинде автотранспорттордун тоскоолдуксуз жүрүшүн калыбына келтирүү максатында өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан "Дүйшөмбү - Кулма" эл аралык унаа жолунун Рушан районундагы тилкесинде өлкөнүн укук коргоо органдары антитеррордук операция баштады", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Басма сөз борбору "кылмышкерлер эл аралык террористтик уюмдардын колдоосу менен өлкөнүн чегинен тышкары курал-жарактарды жана ок-дарыларды алып, ошондой эле террордук актыларды жана башка чагымчылдыктарды жасоо үчүн чет элдик жалданмаларды тартканын" белгилейт.

"Бул аракет атайылап конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы багытталган. Уюшкан кылмыштуу топтор укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин курал-жарактарды жана ок-дарыларды тапшыруу жана куралдуу каршылык көрсөтүү боюнча мыйзамдуу талаптарын аткарышкан эмес", - деп билдирет укук коргоо органы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6740