Honda Fit жүк ташуучу бусту сүзүп, ал бир капталына оодарылып калды. Видео
RU

Honda Fit жүк ташуучу бусту сүзүп, ал бир капталына оодарылып калды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жеңил машине микроавтобусту сүздү. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына көргөндөр айтып беришти.

Алардын айтымында, 19-майда, болжол менен саат 08:00до Куреңкеев менен Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit менен Merсedes Benz кагышып, жүк ташыган бус бир капталына оодарылып калган.

Кырсык катталган жерде Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын (МККБ) кызматкерлери иш алып барып жатышкан. Жабыркагандар жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6751