Бишкекте гипермаркеттин жанынан Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа уурдалган. Видео
RU

Бишкекте гипермаркеттин жанынан Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа уурдалган. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги гипермаркеттин унаа токтотуучу жайынан Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа уурдалган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 13-май күнү саат 05:20 чамасында Каралаев көчөсүндө жайгашкан Фрунзе гипермаркетинин унаа токтотуучу жайынан белгисиз адам анын Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен.

Уурулукка шектелип 1987-жылы туулган Б.Т. Унаа борбор калаанын Ак-Ордо конушунан табылган.

Уурулукка шектелип 1987-жылы туулган Б.Т. кармалган. Унаа борбор калаанын Ак-Ордо конушунан табылганы маалымдалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6753