Акыркы коңгуроонун күнү белгиленди
RU

Акыркы коңгуроонун күнү белгиленди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9-июнда саат 9:00дө борбор калаанын бардык мектептеринде Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу жыйын болот. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, быйылкы окуу жылында 9-классты 14257 окуучу жана 11-классты 8233 окуучу аяктап жатат. Жалпысынан Бишкек шаарындагы 97 мектепте 177 миң окуучу билим алат.

Ошондой эле мэрия мыйзамга ылайык, шаардын жалпы билим берүү уюмдарында акча чогултууга тыюу салынганын эскертти. Ал эми мындай талаптар коюлуп жатса 0 312 61 39 72, 0504 11 01 21 телефондору аркылуу билдирүүгө чакырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6754