Google Россиядагы 250гө чукул кызматкерин Дубайга көчүрүп кетти
RU

Google Россиядагы 250гө чукул кызматкерин Дубайга көчүрүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Google компаниясынын россиядагы бөлүмүнүн эсептери арестке алынып, финансылык милдеттенмелерин аткара албай, анын катарында кызматкерлерине айлык төлөй албай калды.

Ошого байланыштуу компания 250 кишиден турган команданын көпчүлүк бөлүгүн Дубайга көчүрүп кетти. Себеби Google'дун аталган шаарда ири кеңсеси бар. Айрым кызматкерлер компаниядан кетип россияда калууну чечишкен.

Ошого карабастан Россияда корпорациянын акысыз сервистери дале иштеп жатат. Алар: Gmail, картадан издөө, YouTube жана башкалар.

Эске салсак, 24-февралда Россия Украинадагы аскердик операциясын баштагандан кийин Батыштын ири компаниялары РФтеги кеңселерин жабышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6756