Кыргызстандыктар балдары менен АКШга, Европага барууну каалап, Молдовадан куулуп кетишкен
RU

Кыргызстандыктар балдары менен АКШга, Европага барууну каалап, Молдовадан куулуп кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү жана алып чыгууну уюштуруучу уюмду аныкташты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, Кыргызстандын жараны 1986-жылы туулган А.Н., Эл аралык билим берүү борборунун "Green Light Company" ЖЧКсынын директору тиешелүү уруксааты жок жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу менен алектенип келген.

А.Н., Кыргызстандан 10-15 адамдан турган топту чогултуп, (арасында жаш балдар да бар) Европага жана АКШга алып өтүү максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Украинанын аймагы аркылуу Молдованын аймагына жеткиришкен.

Маалым болгондой, А.Н., чет элдик жарандар менен келишим түзүп, Молдовада 4-5 айга жакын кармап, аларды круиздик жана жүк лайнерлери аркылуу АКШ жана Европага бир нече жолу ташууга аракет кылган. Натыйжада Молдовадагы кыргыздарга кылмыш иши козголуп, алар депортацияланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, А.Н. 5 млн сом алган. Ал 14-майда "Манас" аэропортунан мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жеринен кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Жабыркагандар 102, 0702 828 028, 0703 558 125 номурларына кайрылууну суранабыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6757