ЕАЭБдин президенттери Бишкекке келишпейт. Токаевден башкасы
RU

ЕАЭБдин президенттери Бишкекке келишпейт. Токаевден башкасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-майда, Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку жыйыны видеоконференция форматында өтмөк болду. Бул тууралуу журналисттерге ЕАЭБдин коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович маалымдады.

Анын айтымында, саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар.

26-майда өтө турган Биринчи Евразиялык экономикалык форум да видеоконференция форматында өтөт.

"Биз бардыгын кадимки форматта өткөрүүгө даярданып жатканбыз. Бирок, жакынкы күндөрү эле, жыйынды дагы форумду дагы видеоконференция режиминде өткөрүү чечими кабыл алынды", - деп Мясникович айтып берди.

Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкеке келе тургандыгы маалым болду.

Ал секциялардын жана панелдик дискуссиялардын иши пландалгандай эле Бишкек шаарында, көздөшүү форматында өткөрүлөт, деп билдирген.

ЕАЭБдин курамына Армения, Беларусия, Казаксатн, Кыргызстан жана Россия кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6763