"Сапат" окуу жайларын бүтүргөндөр Түркияда иштей албайт. Түркия себебин түшүндүрдү
RU

"Сапат" окуу жайларын бүтүргөндөр Түркияда иштей албайт. Түркия себебин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын элчилиги Кыргызстандагы айрым окуу жайларын бүтүргөн жаштар бул өлкөдө акыркы убакта дипломдорду нострификациялоодо көйгөйлөргө туш болуп жатышкандыгы тууралуу билдирүү таратты.

Элчилик 2016-жылдын июль айында Түркияда Фетуллах Гүлен жетектеген Фетуллахчы (FETÖ) террордук уюмду кулатууга аракет жасалганын эске салды.

Билдирүүдө "ФЕТО уюму Кыргызстанда "Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемелери" деген ат менен ишмердүүлүгүн улантып, ал билим берүү мекемелеринен түшкөн каражаттар уюмдун "мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө" жумшалып жатканы белгиленген.

"Ушул себептерден улам Түркияда ФЕТО/ФЕТӨ уюмуна таандык бардык мектептер жана окуу жайлары жабылды",-деп билдирилди.

Буга байланыштуу Кыргызстанда ФЕТО/ФЕТО уюмунун алкагында ишмердүүлүгүн улантып жаткан "Сапат" эл аралык окуу жайларын бүтүргөн студенттердин/окуучулардын жогорку билими тууралуу дипломун жана жалпы орто билими тууралуу аттестаттарын нострификациялоо тартиби бекитилбейт.

Кошумчалай кетсек, бул мекемелерди бүтүргөн студенттердин арыздары Түркиянын (Türkiye Bursları) эч бир стипендиялык программасына кабыл алынбайт. Ошондой эле, "Сапат" билим берүү мекемелери ФЕТО уюму тарабынан башкарылса, алардын бүтүрүүчүлөрү Түркияда иштей албайт.

Билдирүүдө, бул мекемелерде иштеген Кыргызстандын жараны болгон жетекчилерге жана мугалимдерге карата бул өлкөнүн "мыйзамдарынын алкагында бардык чараларды көрүү" укугун өзүнө калтырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6765