Кыргыз-өзбек чек арасында коркунучтуу кырсык катталды. Видео
RU

Кыргыз-өзбек чек арасында коркунучтуу кырсык катталды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Чечме-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда коркунучтуу кырсык катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Кырсык саат 16:00дөр чамасында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, КамАЗдын айдоочусу рулду башкара албай, катуу ылдамдыкта постто токтоп турган унааларды, ошондой эле имараттардын бирине урунган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы учурда жабыркагандардын жана унаалардын саны такталып жатканын билдирди. Бирок фото жана видеоматериалдарга караганда, КамАЗ бара жаткан кеминде он жеңил унааны, бир нече кичи автобустарды жана бир бульдозерди талкалап салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6775