Дүйнөдө маймыл чечек оорусу тарап жатат
RU

Дүйнөдө маймыл чечек оорусу тарап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Майдын башынан тарта Британияда маймыл чечек оорусунун 11 учуру катталган. Бул тууралуу КРдин Covid-19 боюнча республикалык штабы билдирди.

Оорунун учурлары тууралуу Германия, Италия, Бельгия, Франция, Португалия, Канада, АКШ жана Австралияда билдиришти. Илдетке кабылгандардын саны боюнча Испания алдынкы орунда турат.

ДССУ эксперттердин тобун маймыл чечек оорусунун күчөшүн талкуулоо үчүн чукул жыйынга чакырды.

Улуу Британия аталган оорунун учуру аныкталганы тууралуу биринчилерден болуп маалымдаган – 7-майда бул жакта Нигериядан келген адамдан илдет аныкталган.

Маймыл чечеги – 1958-жылы белгиленген жугуштуу оору. Көпчүлүк учурлары Африкада катталган: эреже болуп калгандай, 16 жашка чейинки өспүрүмдөр жугузган.

Изилдөөлөр маймыл чечек оорусу чечекке бир кыйла окшош экенин көрсөттү. Негизги белгилеринин арасында - калтыратма жана денеге бүдүр-бүдүр майда тактардын түшөт. Оору орто эсеп менен 14 күндөн 21 күнгө чейин созулуп, өзү өтүп кетет. Маймыл чечек оорусунда адам өлүмүнүн учурларынын коэффиценти 1ден 10%га чейин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6776