Британиялык жаран 36 саат селкинчек тээп, Гиннестин китебине кирди
RU

Британиялык жаран 36 саат селкинчек тээп, Гиннестин китебине кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

51 жаштагы британиялык Ричард Скотт адаттан тыш рекорд коюп, Гиннес китебине кирди. Ал киши селкинчекте 36 саат термелген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, рекордсмен эртен менен селкинчекке отуруп, рекорддор китебинин комиссия мүчөлөрүнүн буйругу менен термеле баштаган. Ричард Скотт аракетин 36 сааттан кийин кийинки күнү кечинде аяктаган.

Ар бир саат сайын байкоочулар адамга беш мүнөттүк тыныгууга уруксат бергени менен, ал аларды түн ичинде бир аз уктап алуу үчүн топтогону белгиленген.

Эске салсак, буга чейин эң узун селкинчек тебүү боюнча мурунку рекорд Куинн Левиге таандык болгон. Ал селкинчекте 34 саат термелген.

Булак: Hellonews

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6782