Тапанчадан ок аткан кыз кармалды
RU

Тапанчадан ок аткан кыз кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тоолуу аймакта тапанча менен ок аткан кызды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда 20-25 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү белгисиз кыз белгисиз маркадагы тапанчадан аткан видео тараган. Бул окуя кайсы тоолуу аймакта болуп жатканы да белгисиз.

Кеңири тараган видео коомчулукта резонанс жаратып, социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратты. Алардын айрымдары тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен ИИМдин жетекчилигине видео кайрылуу жолдошкон. Бул иш РИИБге катталган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди:

  • Бишкек шаарынын тургуну 2000-жылы туулган Б.А;
  • Бишкек шаарында жашаган 1985-жылы туулган А.Ж.
  • Тапанчанын ээси А.Ж. аттуу жанаран.

Травматикалык тапанчасы алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6787