Ошто өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчулар суу жок кыйналууда
RU

Ошто өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчулар суу жок кыйналууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында "Алыш" бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Анда 11 өлкөдөн келген спортчулар суу жоктугунан жуунуп-тазалана албай жатышат. Бул тууралуу турнирди чагылдырып жаткан журналисттер кабарлады.

Алардын айтымында спортчулар дайыма тердегендиктен жуунуп турушу керек. Бирок, суунун жоктугунан мүмкүнчүлүк болбой жатат. Жада калса эрте менен тиш жууганга да суу жок, дааратка да бара албай калышкан.

Мындан тышкары жаандан улам А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда өтүп жаткан турнир башка жабык спорттук клубга көчүрүлдү.

Белгилей кетсек, Ошто ичүүчү суу көйгөйү биринчи жолу болуп жаткан жок, жыл сайын нөшөрлөп жааган жамгырда муздак суу өчүрүлөт. Бул Ак-Буура дарыясынын булгануу көрсөткүчүнүн жогорулашына байланыштуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6789