Дене тарбиядан 30 айлампа чуркаган окуучу кыз реанимацияга түштү
RU

Дене тарбиядан 30 айлампа чуркаган окуучу кыз реанимацияга түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Малайзияда дене тарбия мугалими үй тапшырма аткарбаган окуучуларды жазалап, спортзалдан 30 айлампа чуркаткан. Бардык окуучулар беткап кийип чуркоого милдеттүү болчу.

15 жашар өспүрүм кыз үйүнө келгенден кийин жүрөгүнүн согушу 200гө жетип, шок абалына түшүп калган. Окуучуну тез арада интенсивдүү терапия бөлүмүнө жеткиришкен. Мектеп кыздын ата-энесинен расмий түрдө кечирим сурады, бирок мугалимге карата эч кандай чаралар көрүлгөн жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6793