Арсланбек Малиев Акылбек Жапаровдун отставкага кетишин талап кылды
RU

Арсланбек Малиев Акылбек Жапаровдун отставкага кетишин талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Арсланбек Малиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкага кетишин талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Парламенттин иштегенине беш ай болду. Ай сайын ушу маселени көтөрүп турам. Кумтөрдөн Жети-Өгүз районуна бир нерсе бөлүп бергиле деген. Тилекке каршы, өкмөт атаандашып, магабы же элгеби, ошо токтомду Нарын облусуна чыгарып жатат. Нарындын Кумтөргө эмне тиешеси бар? Ошондуктан урматтуу төрага, мен суранам, ушул маселени күн тартибине киргизип, өкмөттүн башчысы Жапаров отставкага кетсин. Туура эмес токтом кабыл алганы үчүн. Уяты болсо өзү кетсин, болбосо президентке кайрылам", - деп депутат Арсланбек Малиев талап кылды.

Спикер Талант Мамытов "Кайсы облус болбосун негизи бирдей бөлүнүп берилгени жакшы. Ал эми сиз көтөргөн маселе боюнча бөлүп берсе андан да жакшы. Жалпы парламенттин атына жаман сөз тийип калбасын. Бир аз тактоо киргизип койсок", - деп жооп берди.

Депутат бул сөзүнө каршы чыгып, "Кумтөр" ансыз деле республикалык бюджетке каражат которуп жатканын ал жерден каржылоо бөлүштүрүлгөнүн эскертип, айтылган райондорго финансы бөлүп берүү өтүнүч эмес, талап экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров "Кумтөр голд компани" жабык акционердик коому боюнча чечимге кол коюп, анда компания ар бир айдын 10нан кеч эмес, дүң кирешенин 0,6%ын "Нарын облусун өнүктүрүү" фондунун эсебине которуу сунушталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6821