Сузакта электр мамыга асылып турган эркек кишинин жансыз денеси табылды
RU

Сузакта электр мамыга асылып турган эркек кишинин жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 24-майда, болжол менен саат 20:00до Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Комсомол айылында эркек кишинин жансыз денеси табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, болжол менен 22-25 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси электр мамыга асылып турган жеринен табылган.

Куткаруучулар анын сөөгүн алып түшүп ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6823