Түштүк Суданда киши өлтүргөнү үчүн койду түрмөгө отургузушту
RU

Түштүк Суданда киши өлтүргөнү үчүн койду түрмөгө отургузушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аял кишини сүзүп өлтүргөнү үчүн койду 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин сот кабыл алды.

"Койдун ээсинде айып жок, ал эми кой кылмыш кылды. Ошондуктан жазасын алыш керек", - дейт бийликтин өкүлү соттун чечимине түшүндүрмө берип жатып.

Андан тышкары, койдун ээси каза болгон аялдын үй-бүлөсүнө 5 уй берүүгө милдеттендирилди. 3 жылдан кийин эркиндикке чыккан кой дагы жабыркаган үй-бүлөгө өтөт. Жергиликтүү мыйзамдар ушундай экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6825