Кыргызстандагы Путин чокусуна Украинанын желегин орнотуп коюшкан (видео)
RU

Кыргызстандагы Путин чокусуна Украинанын желегин орнотуп коюшкан (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Twitter тармагына Кыргызстандагы Путин чокусунда тартылган кыска видео жарыяланды. Анда Украинанын желеги илинген.

Видео 24-майда таңкы саат 8де жарыяланган.

Украинанын желегин ким жана качан орноткону белгисиз.

Путин чокусунун бийиктиги 4446 метрди түзөт. Чоку Чүй облусунун аймагында жайгашкан. 2011-жылы Чүй облусунун Москва районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын сунушу менен Россиянын президентинин урматына аталган.

Буга чейин чокунун аты аталбай келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6826