Намангандын жашылдандыруучулары Бишкекке келип 500 миң гүл тигишет
RU

Намангандын жашылдандыруучулары Бишкекке келип 500 миң гүл тигишет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Наманганда өткөн Гүлдөрдүн 61-Эл аралык фестивалына катышып келди. Өзбекстандык жашылдандыруучулары Бишкекке 500 миң гүл белекке бермей болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары, Бишкек менен Намангандын ортосунда жашылдандыруу жана шаарды мыктылоо боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду.

Маалымкат

Наманганда Гүлдөр эл аралык фестивалы 1961-жылдан бери өтүп, Өзбекстандын гүл өстүрүү маданиятын жана баалуулугун чагылдырып келет. Фестивалдын катышуучуларына 60 миңден ашык гүлдүн түрү сунушталып, гүл менен кооздолгон автомобилдердин парады өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6832