Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолугушту
RU

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-майда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапары менен келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы "Ак-Кеме" мрамор чатырынын астында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинген. Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө лидерлери Ардак кароолдун командиринин рапортун кабыл алышып, ротанын алдынан басышты.

Андан кийин Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырышты. Ардак кароолдун аскерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Эстеликке сүрөткө түшкөн соң, мамлекет башчылары чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүгө багыт алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6839