Жомарт Токаевдин иш сапарынын жыйынтыгы боюнча кандай документтерге кол коюлду (тизме)
RU

Жомарт Токаевдин иш сапарынын жыйынтыгы боюнча кандай документтерге кол коюлду (тизме)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара аймактарындагы табигый өрттөрдү алдын алуу жана аларды өчүрүү боюнча келишим
  • 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы авиациялык издөө-куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу
  • Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу 2022-жылга карата Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биргелешкен аракеттер планы
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги жана "JOINT TECHNOLOGIES" компаниясы ортосунда "Карасу" жана "Ак-Тилек" автожол постторунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо боюнча меморандум
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Түркестан облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Алматы облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүү ниети жөнүндө протокол
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Караганда облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Актөбө облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6841