Депутаттар: Министрлерди сагындык жок дегенде жүзүн көрсөтүп коюшсунчу (видео)
RU

Депутаттар: Министрлерди сагындык жок дегенде жүзүн көрсөтүп коюшсунчу (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Балбак Түлөбаев транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоевди сагынганын билдирди. Бул тууралуу ал 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айткан.

Депутат Чоң-Кеминдеги он айылга токтолуп, жолдор коркунучтуу абалда экенин кошумчалады.

Ал транспорт министринин аты-жөнүн билбестигин, жүзүн көрбөгөнүн билдирген.

"Урматтуу транспорт министри, сизди сагындык. Жогорку Кеңешке келип жок дегенде жүзүңүздү көрсөтүп койсоңуз жакшы болмок. Сизди абдан сагындык. Барсызбы? Эмне кылалы, кат жазалыбы?" - деп сурады депутат.

Түлөбаев кошумчалагандай, транспорт министринин орун басары Табалды Тиллаевден башка эч ким Жогорку Кеңешке келбейт, дайыма эле убактысы болбой калат.

Андан соң Түлөбаев президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, башка министрлерди да сагынышканын кошумчалады.

"Айрым министрлерди аябай сагындык, Алмасбек Ахунжанович, бир жолу келип, жүзүн көрсөтүп койсунчу",- деп белгиледи ал.

Ал президенттин министрлерди Жогорку Кеңешке чакырбоо тууралуу айтканына депутаттар да баш ийип жатканын белгиледи.

"Биз дагы президентти угабыз, министрлерди чакырбагыла деп суранабыз, чалбайбыз, бирок кээде жүздөрүн көрүп койбойлубу? Алар министрлер кабинетинин төрагасынын атын да унута башташты... Транспорт министрин такыр көрө элекпиз, Чоң-Кеминдеги жолду карасын. Ал жер туристтик жер, туристтерди алып баргандан уяласың. Ал жерге бомба ташталгандай", - деп жыйынтыктады депутат.

Аны кесиптеши Ырысбек Атажанов колдоп, Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди да сагынганын билдирди.

"Кесиптеш Балбак Зарлыкович айткандай, Саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиевди да сагындык. Министрдин ушул трибунага чыгып, болуп жаткан окуялар боюнча жооп берүүсүн чыдамсыздык менен күтөбүз", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6842