Депутат желектеги күндүн өңүн ак түскө өзгөртүүнү сунуштады (видео)
RU

Депутат желектеги күндүн өңүн ак түскө өзгөртүүнү сунуштады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Нурланбек Шакиев Кыргызстандын желегиндеги сары өңдүү күндүн түсүн акка өзгөртүүнү сунуштады. Мындай сунушун ал бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, өлкөнүн негизги символдорунун бири – туу кабыл алынгандан бери күнкарама же башкаларга окшоштуруп, ар кандай сындар айтылып келет.

"Желектеги күндүн сүрөтүн күнкарамага окшоштуруп, ошонун айнан биз да күн карамага окшоп ар кайсы өлкөдөн акча сурайбыз. Муну өзгөртүү керек. Бул сары түстү акка өзгөртө алабыз. Калганы ошол бойдон калтырылат. Президенттин өкүлү, ушул маселеге көңүл буруп койсоңуздар", - деп сунуштады депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6850