Жүк ташыган машиненин үстүндөгү контейнер башка унааны басып калды
6836
Кечээ, 26-майда, болжол менен саат 11:00до Чоң-Алай районундагы автокырсыктан үч адам каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, Ош - Сары-Таш - Карамык автожолунда жүк ташуучу унаанын үстүнөн контейнер карама каршы өтүп бараткан унаанын үстүнө кулап түшкөн. Натыйжасында, эки кичинекей бала жана бир эркек киши каза болду.
Алар 4 жаштагы А.Б., 6 жаштагы А.А. жана 36 жаштагы Ж.У. Андан тышкары 29 жаштагы бир эркек киши жабыркаган.
ӨКМдин куткаруучулары каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
slide 2 of 3
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/6852