Ош жана Жалал-Абад облустарында кайрадан сел жүрдү
RU

Ош жана Жалал-Абад облустарында кайрадан сел жүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош жана Жалал-Абад облустарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү: үйлөр жана негизги жолдор жарактан чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылындагы чоң жолду сел жүрүп, ага коңшулаш Ылай-Талаа айылында сугат каналынан суу ашып, натыйжада 25 турак үйдүн короо-сарайларын ашыкча суу каптаган.

Өзгөн районунун Кош-Этер айылында да сел негизги жолду каптап, 18 үйгө коркунуч жараткан – бул үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланган. Ошондой эле Чечебай айылындагы 20 үйдү суу каптады.

Кара-Суу районунун Баш-Булак жана Катта-Талдык айылдарында катуу сел катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кесепеттерин жоюуда.

Жалал-Абад облусунда да абал жакшы эмес: Аксы районунун Кара-Суу айылында сел жүрүп, эки үйдү каптады. Селге тосмо түзүү менен жол калыбына келтирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6864