Токмокто массалык мушташ болуп, бир окуучу ооруканага жаткырылды
RU

Токмокто массалык мушташ болуп, бир окуучу ооруканага жаткырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок мектебинде окуучулардын массалык мушташы болгон. Бул тууралуу маалыматты Kaktus.media редакциясына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, 26-майда Токмок РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө ооруканадан 2007-жылы туулган мектеп окуучусу ар кандай жаракаттар менен жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

25-майда Токмок шаарындагы мектептердин биринде 8-9-класстарынын ортосунда чыр чыгып, окуучулар мушташкандыгы аныкталган. Мушташка катышкандардын бардыгы такталып, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан.

27-майда жашы жете элек балдардын бир нече ата-энелери арыз менен милицияга кайрылышкан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6868