Картасынан акча алууга келген кызды белгисиз киши сабап кеткен. Сүрөт
RU

Картасынан акча алууга келген кызды белгисиз киши сабап кеткен. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Картасынан акча алайын деп келген кызды белгисиз жигит сабап кеткен. Бул тууралуу жабыркаган кыз жеке баракчасына жарыялаган.

shine29_12 баракчасынын колдонуучусунун айтымында ал курбулары менен бирге бир кафеге барышкан. Кыздын накталай акчасы жок болуп картасынан акча алганы жакын жердеги акча алуучу жерде барган. Ошол жерге бейтааныш жигит келип кыз менен таанышууну каалаган. Кыз таанышпайм деп кетип калганда артынан барып бир муштумдаган. Андан соң болгон акчаңды бер деп анда да кыз жок дегенде дагы бир уруп салган. Кыз бактыга жараша акча ала албай калганын белгилейт.

Кыз келген таксиси менен кетип кутулган. Кыздын айтымында ал ошол жерге жакын жашаган адам болушу мүмкүн. Анткени бутуна утурумдук кийген бут кийим (топочка) жана футболка, шорта кийип жүргөн.

Кыз милицияга кайрылган. Бул иш аягына чыгат деп үмүттөнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6869