Англиянын мектептери курт-кумурскаларды менюга киргизишти
RU

Англиянын мектептери курт-кумурскаларды менюга киргизишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Британиядагы төрт мектеп балдар менюсундагы төрт тамактын курамына курт-кумурскаларды кошууну чечти. Долбоордун авторлору окуучуларга "альтернативдүү белоктордун" пайдасын корсөтүүнү көздөп жатышат. Экспериментке 4 жаштан 11 жашка чейинки балдар катышат.

"Бүтүн бойдон салынган курт-кумурскалар жийиркентет, бирок унга окшоп майдаланган курт-кумурскалар тамактанып жатканда нормалдуу эле кабыл алынат", - деп окумуштуулар түшүндүрмө беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6887