Ысык-Көлдө кар калың жаап, чабандардын дайыны жок болуп жатат
RU

Ысык-Көлдө кар калың жаап, чабандардын дайыны жок болуп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт өрөөнүнө калың кар жаап, малчылар менен малдар дайынсыз болууда. Бул тууралуу Орунбек Маданбеков Турмуш басылмасына кабарлаган.

Маалыматка ылайык, 29-майда кардан улам ашуулар жабылып, Каракол-Эңилчек унаа жолуна көчкү түшкөн.

"№11 жол тейлөө мекемесинин эки техникасы түнкү саат 00:30да көчкүнү тазалап бүтүштү. Кечээ, 30-майда малчылар менен байланыштык. Эңилчекке 55 сантиметр кар түшүптүр. Ошону менен кайра байланыша алган жокпуз.

6 зона анын биринде эле 12 малчы бар болчу. Сайрайлардын ар биринде болжол менен сегиз миңдей жандык бар. Тоют да жетишсиз. ӨКБга кайрылып, районго барсам, 3-июнга чейин мал айдабагыла деген чечимин көрсөтүшөт. Эки техника жетишпейт. Өкмөттөн жардам көрсөтүлсө жакшы болмок", - деп билдирген Маданбеков.

Ушул эле көйгөйү менен Маданбеков Күндеми порталына да кабарлап, видеолорду жиберген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6896