"Дагы бир максатыбызга жеттик". Садыр Жапаров "Алтын балалык" комплексинин ачылышы боюнча
RU

"Дагы бир максатыбызга жеттик". Садыр Жапаров "Алтын балалык" комплексинин ачылышы боюнча

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачып берди.

Анын айтымында алдыга койгон дагы бир максат ишке ашып, бир жыл мурун берген убада өз убагында аткарылып жатат.

Ар кандай себептер менен бул комплекстин курулушу жыйынтыкталбай келгендигине жалпыңыздар күбөсүздөр. 2021-жылдын март айында келип карап чыгып, быйылкы жылдын 1-июнуна – Балдарды коргоо күнүнө карата бүткөрүү тапшырмасын берген элем. Ошол максатыбызга жетип, заманбап, акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган медициналык борборго айланды

Өлкө башчы бул бобор келечекте кандай кызматтарды көрсөтөөрүн да белгилеп кетти.

"Борбор 8 блоктон турат. Ден соолукту калыбына келтирүүдө, чыңдоодо аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү балдарыбызга ийгиликтүү кызмат кылат деген үмүт-тилегибиз бар. Комплекстин долбооруна ылайык, бир эле мезгилде 400 бала энелери менен кабыл алынышы каралган. Ошондой эле комплекстин медициналык илим изилдөө бөлүмү да иш алып барат. Муну менен катар балдардын эс алуусу, коомчулукта балдарды чоңдордун жашоосуна калыптандыруу, балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн ачуу – эстетика, этика, көркөм өнөр, компьютердик сабаттуулукка үйрөтүү жана башкаларга багытталган иш-чаралар да уюштурулат",- дейт ал.

Президент Кыргызстандын келечеги жаш балдар экенин айтып, алар үчүн маанилүү маселелерди көз жаздымда калтырбоого убада берди.

"Мамлекет ары маанилүү, ары жоопкерчиликтүү иш-максаттарды көз жаздымда калтырбайт, эртеңки күнүбүздүн жаркын үмүтү болгон балдарыбыздын эч нерседен тайманбай, көздөгөн максатына жете билген, ден соолугу чың эр-азаматтардан болуп чыгышына ар дайым маани беребиз. Балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүү - бул бүтүндөй Кыргызстандын ийгиликтүү келечегинин пайдубалын түптөө",- деп баса белгиледи.

Бул борборго бүгүнтөн баштап республикабыздын ар кыл райондорунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн балдар келип эс алып турушат. Ар он күн сайын 250 бала кабыл алынып турат.

Сөзүнүн аягында өлкө башчы 10-15 күндүк майда-чүйдө жумуштар калганын. Аларды параллелдүү бүтүрө берсе болорун айтты. Ушунун баарын уюштуруп, бир жылдан ашуун эмгектенген иштеген куруучуларга, ар тараптан демөөрчүлөрдү таап курулуш иштерин бүтүргөн Саламаттыкты сактоо министрине ыраазчылык билдирди.

Эскерте кетсек, "Алтын балалыкты" мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн. Кийин, аны "Мээрим" кайрымдуулук фонду 2000-жылы кура баштаган. 2005-жылы Акаевдер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин борбордун курулушу токтоп калган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6904