БУУ Түркиянын атын өзгөрттү
RU

БУУ Түркиянын атын өзгөрттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун өлкөнүн атын чет тилдерде өзгөртүү өтүнүчүн жактырды. Бул тууралуу Lenta.ru Anadolu агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Эл аралык жана расмий документтерде Түркиянын аты Turkey деген аттан Türkiye деп өзгөрдү. Тиешелүү өтүнүч менен өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин башчысы БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешке кайрылды. Анын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик катты алганын айтып, өзгөртүүлөр арыз түшкөн учурдан тартып күчүнө киргенин кошумчалады.

Чавушоглу: "Президент Режеп Тайып Эрдогандын жетекчилигинде өлкөбүздүн брендинин кадыр-баркын көтөрүү үчүн баштаган процесс аяктап баратат",-деген.

Анадолу билдиргендей, Анкара диссонанстын айынан өлкөнүн атын өзгөрткүсү келген. Кошумчалай кетсек, англисче "Turkey" - "индейка" дегенди түшүндүрөт.

2021-жылдын декабрында Эрдоган Түркиянын атын өзгөрткөн. Ал продукциясынын дүйнөгө таанылышын арттырууга багытталган өлкөнүн жаңы экспорттук бренди Türkiye болот деген жарлыкка кол койду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6909