Бейшеналиевге нааразы болгон үч орун басар тең кызматтан алынды
RU

Бейшеналиевге нааразы болгон үч орун басар тең кызматтан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министринин үч орун басары тең – Жапаркул Ташиев, Жалалидин Рахматулаев, Улук-Бек Бектурганов бүгүн кызматтан алынды. Министрдин орун басарларын кызматтан алуу боюнча расмий пресс-релиздерди министрлер кабинетинин басма сөз кызматы таратты.

Кызматтан бошотуунун себептери айтыла элек.

Эске салсак, алар 16-майда маалымат жыйын өткөрүп, КР Президенти Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну суранышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6939