Эсеп палатасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
6393
2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК ККК пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтарынын аймактары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы берди.
Такталгандай, Эсептөө палатасынын инспектору М.А.С. Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылынын биринин башчысынан 60 (алтымыш) миң сом акча каражатын алган.
Кармалган кызматкер Нарын шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
slide 3 of 2
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/693