ӨКМ: Ысык-Көлдөгү кар калың түшкөн айылдарга тоют жеткирилүүдө. Сүрөт
RU

ӨКМ: Ысык-Көлдөгү кар калың түшкөн айылдарга тоют жеткирилүүдө. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тоют жеткирүү ишине жалпы алты оор техника тартылган.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Шыйрак айылына 1 200 түк чөп жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, тоют жеткирүү ишине жалпы алты оор техника тартылган.

Эске салсак, 29-30-май күндөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондоруна катуу кар жаап, ашууларга көчкү түшүп, жайлоого кеткен жолдор жабылып калган. Мындан улам жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү пайда болуп, миңдеген мал-жандык өлгөн. Учурда жолдор тазаланып, ачылды.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6948