Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча Улукбек Марипов менен Артем Новиков суракка алынат
RU

Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча Улукбек Марипов менен Артем Новиков суракка алынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов менен мурдагы вице-премьер-министр Артем Новиков вакцина сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алынат. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын тандоо боюнча сөз сүйлөгөн прокурор билдирди.

Адвокат Кайсын Абакиров прокурордон COVID-19га каршы вакцина сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишине тиешеси бар Новиков менен Мариповго карата кандай аракеттерди көрүп жатканын сурады.

Прокурор козголгон кылмыш ишинин алкагында Новиков менен Мариповго юридикалык баа берилерин билдирди. Аларды тергөө суракка алдыбы, жокпу деген суроого жооп берген эмес.

Эске салсак, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага карата жети кылмыш иши тергелип жатат. Ал 4-июнда 2022-жылдын 2-июлуна чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Анын жактоочулары соттун чечимине даттанууга ниеттенүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6954