Өзбекстан 10-июндан баштап туристтерден ПЦР-тест талап кылбайт
RU

Өзбекстан 10-июндан баштап туристтерден ПЦР-тест талап кылбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстанга келчү туристтер үчүн коронавирус пандемиясына байланыштуу бардык чектөөлөр алынды. Республикалык атайын комиссиянын чечими 2022-жылдын 10-июнунан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Tengritravel.kz Өзбекстан Республикасынын Туризм жана маданий мурастар министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Буга байланыштуу чет элдик туристтерден коронавируска ПЦР тестинин терс жыйынтыгы, коронавирустун антигендерине экспресс-тест жана эмдөө сертификаты/паспорту талап кылынбайт. Бул аба, чек ара темир жол станциялары жана чек ара бекеттери аркылуу келген туристтерге тиешелүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6974