ӨКМнын 20 жаштагы жоокери катуу сабалды
RU

ӨКМнын 20 жаштагы жоокери катуу сабалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ӨКМнын Москва районунун Беловодское айылында жайгашкан аскер бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан жоокер катуу сабалды. Жыйынтыганда табарсыгы жарылып, башка дагы жаракаттарды алган. Бул тууралуу анын жакын туугандары соцтармактарга жазып чыгышты.

Туугандарынын айтымында, 2002-жылы туулган Бекзат Эсенбеков 2021-жылдын ноябрь айынан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кызмат өтөп келген.

"2022-жылдын 31-майынан 1-июнуна караган түнү Бекзат кызматта болуп, ошол түнү прапорщик Ж. уулу Т. аны өзгөчө мыкаачылык менен сабап салган. 8 ай ичинде 35 миң сомго бирдик салганбыз. Бул акчаны прапорщик алып турган. Бекзат акча бербесе, прапорщик аны сабачу", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, 1-июнь күнү аскерге чакырылган жаран жакындарына телефон чалып, ооруп жатканы тууралуу айткан. Бирок ал сабалганын айткан эмес.

"Бизге телефон чалганда анын жанында прапорщик Ашымкулов, капитандар Мавлянов, Касымов, улук сержант Замирбек уулу, прапорщик Бейшеналиевдер турушуп, ага чындыкты айтууга мүмкүнчүлүк беришпептир. Абалы начарлап кеткенде гана, аны 4-шаардык ооруканага жаткырууга мажбур болушкан. Жыйынтыгында табарсыгы жарылып, тез арада операция жасалган жана денесинен дагы башка жаракат алган", - дешти туугандары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6977