"Суу майдын баасы 163%га көтөрүлдү". Улукбек Марипов базарга барып келди
RU

"Суу майдын баасы 163%га көтөрүлдү". Улукбек Марипов базарга барып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өкмөттүн мүчөлөрү Бишкектин базарларын кыдырып, суу майдын, кумшекердин, күрүчтүн жана эттин бааларын билишти. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда, Facebook'тагы түз эфири учурунда Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, баалар чындап эле өтө жогору, акыркы жарым жылда суу майдын баасы эле 163%га көтөрүлгөн.

"Мен өзүм деле базарларды кыдырып турам. Баалар боюнча толук маалыматым бар. Өкмөт мүчөлөрүнө кандай себептерден улам баалар көтөрүлүп жатат, алар реалдуубу же атайы көтөрүлүп жатабы, балким импорт буга таасирин тийгиздиби, деген маселелерди изилдеп чыгуу тапшырмасын бердим. Кандай күндө да биздин жарандарыбызды азык-түлүк менен камсыздашыбыз керек. Биз Россия жана Казакстандагы азык-түлүк жеткирип берүү боюнча ири камсыздоочулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк", - деди премьер-министр.

Ал дем алыш күн сайын айыл-чарба жарманкелерин өткөрүүнү сунуштап, азык-түлүктөрдүн түз жеткирип берүүсүн камсыздоону буюрду.

Менин пикирим боюнча баалар бир аз болсо да төмөндөйт. Андан тышкары, биз өзүбүз да жүгөрү, күн карама майын өндүрө алабыз. Базардагы майлардын 85% импорт. Биз өзүбүздү-өзүбүз жок дегенде 50%га камсыздай алабыз. Мен тиешелүү тапшырмаларды бердим. Айыл чарба министрлиги бул маселени иштеп чыгат, андан тышкары эттин баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн да изилдейт.

Ошону менен бирге, Мариповдун маалыматына ылайык, жер иштеткен дыйкандарга жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча бюджеттен 6 млрд сом бөлүндү.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/697