Үйдөгү мүлктү уурулардан кантип коргоо керек? Милициянын кеңеши
RU

Үйдөгү мүлктү уурулардан кантип коргоо керек? Милициянын кеңеши

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек өргүсүнө чыгып, үйүн бекитип коюп эс алууга кетип жаткан жарандар үчүн ИИМ сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыкты. Аларды төмөндөн окуй аласыз.

- үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз.

- видеокөзөмөл орнотуңуз;

- муляж орнотуу мүмкүн-кылмышкер камеранын туташкандыгын текшербейт;

- эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу түтүктөрүнүн жанында болсо, анда терезеге торлорду орнотуңуз;

- балдарыңызга бейтааныш адамдарга эшикти ачпоого үйрөтүңүз;

- сырттан келгендерди турак жайга киргизбеңиз. Эгерде адам өзүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, анын өздүгүн текшериңиз – документтерди сураңыз, уюмга чалыңыз.

Эгерде Сиз батир ууруларынын курмандыгы болсоңуз:

- сабырдуу болуңуз, дароо милицияга 102 номерине чалыңыз;

- үйүңүздү текшерип, эмне жоголгонун аныктап, уурдалган буюмдардын тизмесин түзүңүз;

- эгер сиз үйүңүздө кылмышкерге туш болуп калсаңыз, жакындарыңыздын коопсуздугун ойлоп жана өзүңүздүн өмүрүңүздү сактап калуу амалы менен уурулар менен урушпаңыз;

- кол салган адамга көңүл буруп, анын жүзүн эстеп калууга аракет кылыңыз. Бул аны кармоо процессин тездетүүгө жана бардык буюмдарыңызды кайтарып алууга жардам берет.

Мүлкүңүздүн сакталышынын негизги кепилдиктеринин бири-бул сак жана этият болгонуңуз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6985